Зордук-зомбулуктардын алдын алуу маселелери талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Зордук-зомбулуктардын алдын алуу маселелери талкууланды

Image

ОшМУда 22-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк психологдор күнүнө карата “Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуунун педагогикалык-психологиялык жолдору” аталышында форум өттү. Иш-арага ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Ош шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси Гулумкан Урустамова, Ош шаардык Кеңешинин социалдык маданий өнүгүү жана жаштар саясаты боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Болотбек Баетов, психологдор, кризистик борборлордун кызматкерлери, студенттер жана окутуучулар катышты.
Форумдун жүрүшүндө билим берүүдөгү гендердик зомбулук, Ош облусундагы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөөлөргө кызмат көрсөтүүнүн автоматташтырылган маалымат системасы, коомдогу түрдүү зомбулуктардын алдын алуу, алар менен күрөшүү боюнча баяндамалар окулду. Магистрлер зомбулуктун кесепттери жана анын үстүнөн иштөө боюнча  изилдөөлөрдү жүргүзүп, натыйжалары боюнча презентацияларды жасашты.
Иш-чарада Психологдор күнүнө карата окутуучулар облустук жана ОшМУнун кесиптик бирлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.  Психология кафедрасынын жигердүү иш аракети жана окуу жайдын коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ОшМУнун ректорунун Ыраазычылык каты тапшырылды.
ОшМУнун психология кафедрасынын студенттери, окутуучулары окуудан сырткары түрдүү кризистик борборлордо, окуяларда иштеп, акысыз психологиялык жардам көрсөтүп келишет.

Фото галерея