Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткүрүлүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткүрүлүп жатат

Image

Студенттер арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында ОшМУнун Коопсуздук кызматы тарабынан бекитилген графикке ылайык факультет, колледж, лицейлердин студенттери менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүүдө. Жыйындарга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышып жатат. 

Участкалык инспекторлор жана ИДН кызматкерлери окуучуларга жана студенттерге Кыргыз Республикасынын укук коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары тууралуу маалыматтарды айтып, өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы кылмыштарга өзгөчө токтолууда. 

Муну менен катар университетте ички жүрүм-турум эрежелерин сактоо, күн тартибин сактоо жана укук бузуулардын жана бейбаштыктын алдын алуу боюнча талаптар түшүндүрүлдү.

Андан сырткары факультет, колледждердин жетекчилерине жана кураторлорго коомдук тартипти бузгандарды окуу жайынан чыгарууга чейинки тарбиялык жана тартиптик чараларды көрүү сунушталды.

Жыйынтыгында шаардык укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен мындай жолугушуулар маал-маалы менен өткөрүлүп туруу макулдашылды. 

 

 

Фото галерея