ОшМУ институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Image

Эл аралык НААР агенттигинин эксперттик комиссиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы (№75 протоколуна) чечимине ылайык Ош мамлекеттик университети институционалдык көз карандысыз аккредитациядан 7 жылга, билим берүү багытындагы  7 программасы 5 жылга ийгиликтүү өттү.

Аккредитациялык кеңеш Ош мамлекеттик университети жана  билим берүү программалары эл аралык аккредитациядан өтүү үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берет жана аккредитацияланган программалардын европалык реестрине киргизилет деп чечим чыгарды.

Эл аралык аккредитациянын сертификатын алуу билим берүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатынын кепилдиктерин, алардын эл аралык талаптарга шайкештигин ырастайт, университеттин академиялык жагымдуулугун жана негизги кызыкдар тараптардын билим берүүнүн натыйжалуулугуна болгон ишеним деңгээлин жогорулатат.

Институционалдык көз карандысыз аккредитациядан сырткары агенттиктен 5 жылга ийгиликтүү өткөн программалар:

Бакалавриат:

531100 лингвистика

 532300 кытай таануу

Магистратура:

531100 лингвистика

Дипломдон кийинки билим берүү:

125 терапия

 143 хирургия

 092 педиатрия

 116 Жалпы практикалык стоматология

Алынган жыйынтык мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына, эл аралык критерийлерге жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген жогорку сапаттагы кесиптик даярдоону камсыз кылууга багытталган университеттин жалпы жамаатынын кесипкөйлүгүн жана жакшы координацияланган ишин айгинелейт.

НААР агенттиги билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча эл аралык аккредитациялык агенттик жана жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча Европа ассоциациясынын (ENQA) толук кандуу мүчөсү болуп саналат.

Учурда НААР агенттигинин эксперттик комиссиясынын сунуштарына ылайык тиешелүү иш аракеттерди аткаруунун иш мерчемдери түзүлүп жатат. 

 

Сертификаттар

Фото галерея