5-мартта Чыгыш таануу институтунда Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы саясий кырдаалга арналган эл аралык деңгээлдеги дискуссия уюштурулду. Анда аймактагы негизги геосаясий чыңалуулар, анын ичинде Иран–Израиль–АКШ конфликти жана Пакистан–Афганистан конфликтинин тарыхы, учурдагы абалы талкууланды.
Иш-чарада Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучусу, тарыхчы, саясий серепчи Азамат Бакиров жана Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев баяндама жасады. Алар аймактагы конфликттердин тарыхый себептери, өнүгүү этаптары, азыркы геосаясий абалы тууралуу презентацияларды сунуштады.
Дискуссияга институттун студенттери, магистранттары жана окутуучулары менен катар бир катар эксперттер, медиа өкүлдөрү катышты. Алардын арасында АКШда жашаган журналист Амирбек Усманов, Түркиядан келген медиа өкүл Арманд Мурат, BBC Кыргыз кызматынын кабарчысы Заирбек Бактыбаев, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Эрнис Нурматов, ОшМУнун бизнес-паркынын директору Эрлан Камалов бар.