ОшМУнун окутуучулары интернациондаштыруу темасындагы эл аралык семинарга катышып жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары интернациондаштыруу темасындагы эл аралык семинарга катышып жатат

Image

Борбордук Азия университеттеринин өнөктөштүк программасынын (UniCEN) интернациондаштыруу боюнча Бишкек шаарында өтүп жаткан семинарына дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары Гүлзат Аипова, Бурулча Койлубаева, Наргиза Наматова жана университеттин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиевдер катышууда.  Кыргызстандагы “American councils” эл аралык билим берүү уюму уюштуруп жаткан жыйынга Түркменстандын, Казакстандын, Өзбекстандын 20га жакын окуу жайынан 40тан ашуун өкүл келип, тажрыйба алмашууда.

Иш-чараны Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев сөз сүйлөп ачып, билимди экспорттоо акыркы беш жылдагы приоритеттүү багыт экендигин, интернационалдаштыруу  процесси университеттердин эл аралык рейтингге кирүүсүнө шарт түзө тургандыгын белгиледи.

2 күндүк семинар Американын окуу жайлары менен Орто Азиянын окуу жайларынын ортосунда өнөктөштүктү орнотуу жана эл аралык кызматташтыкты күчөтүү максатында жүрүп жатат. Анын алкагында америкалык тренерлер: Susan Buck Sutton, Olivia Stevens, Carrie Miller ж.б. өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, ааламдашуу жараяны, интернационалдаштыруу, гранттар, стипендиялар, академиялык мобилдүүлүк, EDGE/COIL эл аралык биргелешкен долбоорлор ж.б. боюнча мастер-класстарды өтүшүүдө.

Американын элчилиги каржылаган “UniCEN” программасы АКШ менен Борбордук Азиянын жогорку билим берүү институттарынын ортосундагы туруктуу кызматташууну жогорулатуу платформасы катары 2018-жылдан бери иш алып барат. Ал тренинг, семинар, вебинарларды уюштуруу, тармактык байланыштарды күчөтүү, билим берүү системасын баалоо, гранттарды бөлүү ж.б. иш-аракеттер аркылуу эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүп келет.

Фото галерея