“ОшМУ-Алдиер” Нефтчини 3:2 эсебинде утту

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ-Алдиер” Нефтчини 3:2 эсебинде утту

Image

“ОшМУ-Алдиер” футбол клубу Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш Асыл Момунов атындагы футбол академиясынын талаасында болду. Жыйынтыгында “ОшМУ-Алдиер” командасынын оюнчулары 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
1-апрелде футбол боюнча Кыргызстан Премьер Лигасы башталат. Өлкө чемпионатына университеттин “ОшМУ-Алдиер” футбол клубу дагы катышат. Буга байланыштуу учурда клубдун оюнчулары тынымсыз машыгып, башка клубдар менен жолдоштук беттештерди өткөрүүдө. Жакынкы күндөрү клуб Өзбекстандын борбору Ташкентке барып, ал жакта өзбекстандын клубдары менен да күч сынашат. 
Буга чейин Ош облусунун Куршаб айылынын атынан чыккан “Алдиер” футбол клубу 2022-жылдын август айында ОшМУнун карамагына өтүп, “ОшМУ-Алдиер” деп аталган.

Фото галерея