PhD докторанттар илимий семинарга катышты

Башкы Жаңылыктар

PhD докторанттар илимий семинарга катышты

Image

ОшМУда “Scopus жана Web of Science системаларында индекстелген журналдарда жарыялоо үчүн илимий макалаларды жазуу эрежелери” деген темада семинар уюштурулду.  PhD докторанттар катышкан семинарды  экономика илимдеринин доктору, профессор Чынара Кулуева өттү.  Семинарда Scopus жана Web of Science журналдарына  макала жазуу эрежелерин кеңири түшүндүрүп, PhD докторанттарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

ОшМУда базалык докторантураны (PhD / профили боюнча) уюштуруу жана философия докторун (PhD) профили боюнча докторун даярдоонун тартиби жөнүндө жободо көрсөтүлгөндөй докторант диссертациялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын чагылдырган экиден кем эмес илимий макаланы WEB of Science же Scopus эл аралык системалары индекстеген, нөлдүк эмес импакт-фактору бар илимий басылмаларда жарыялоого милдеттүү.

Аталган семинар ОшМУнун докторантура, PhD докторантура сектору тарабынан  уюштурулду. Учурда ОшМУ 7 багыт  боюнча PhD докторлорду даярдайт.

Фото галерея