ОшМУнун илимпоздору эл аралык илимий журналдарды акысыз колдоно баштайт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун илимпоздору эл аралык илимий журналдарды акысыз колдоно баштайт

Image

Көп жылдардан бери Кыргызстандын китепканалары EIFL (Китепканалар үчүн электрондук маалымат) эл аралык консорциуму менен кызматташып келе жатат. EIFL консорциумунун багыттарынын бири билим берүү жана изилдөөлөрдү колдоо үчүн университеттин китепканалары менен иштөө болуп саналат. EIFL менен кызматташуунун алкагында Кыргызстандагы китепканалар эл аралык басылмалардын электрондук журналдарына акысыз жазылууга мүмкүнчүлүк алышат.

ОшМУ EIFL консорциумунун мүчөсү катары Mathematical Science Publisher (MSP)- математикалык журналдардын электрондук  топтому ресурсун пайдалунуу лицензиясына ээ болду. Журналдарды колдонуу үчүн ОшМУнун тармактык түйүнүн алкагында төмөнкү шилтемелер аркылуу кирип көрүүгө болот:

MSP journals:                    https://msp.org/publications
MSP and Subscribe to Open:  https://msp.org/publications/s2o
Join our mailing list:           https://msp.org/contacts/mailme
 

Математикалык илимий журналдарга шилтемелер “ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ” (https://journal.oshsu.kg/index.php/vestnik), “Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Математика. Физика. Техника” (https://journal.oshsu.kg/index.php/mpht) илимий журналдарынын сайттарына жана ОшМУнун илимий китепканасынын сайтына (http://library.oshsu.kg/ky/) дагы жайгаштырылган.

Мындан сырткары, төмөнкү электрондук  ресурстарга жазылуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө:

  • Oxford University Press (OUP)-  археология, бизнес жана башкаруу, изилдөө,   экономика жана финансы, тарых, укук, тил илими, адабият, музыка, философия, саясат таануу, психология, дин жана башка тармактарды камтыган электрондук журналдар, китептер жана колдонмолордун топтому;
  • OpenEdition- гуманитардык жана коомдук илимдерди камтыган электрондук ресурстар;
  • IOPscience -биологиялык физика, химия, инженерия,айлана-чөйрө, математика, медицина, физика жана башка тармактар боюнча электрондук журналдардын топтому;
  • EBSCO компаниясынын ачык порталы.

 

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда Scopus эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылууну сатып алуу үчүн консорциум түзүлгөн жана аталган келишимдин негизинде ОшМУнун провайдерлиги астында тендерге коюлуп, ишке ашырылат.