ОшМУда айымдардын майрамына арналган волейбол мелдеши өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда айымдардын майрамына арналган волейбол мелдеши өттү

Image

ОшМУнун кесиптик бирлиги 8-март - Аялдардын эл аралык майрамына жана окуу жайда жарыяланган “Сергек жашоо жана ден соолук” жылына карата салтка айланган волейбол мелдешин өткөрдү.

Майрамдык мелдешке 40 жашка чейинки эжекелерден 15 команда, 40 жаштан жогорку эжекелерден түзүлгөн 11 команда катышты.

Жыйынтыгында 40 жаштан жогорку командалар арасында 1-орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи, 2-орунду Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети, 3-орунду Математика жана информациялык технологиялар факультети ээледи.

40 жашка чейинки командалар арасында 1-орунду Дене тарбия факультети, 2-орунду Кыргыз-Кытай факультети, 3-орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи жеңип алышты.

Жеңүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга уюштуруучулар тарабынан диплом, кубок, акчалай сыйлыктар берилди. Сыйлыктарды ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров тапшырды.

Мелдеш профессордук-окутуучулук курамдын  ортосундагы достук мамилени чыңдоо, ынтымакты бекемдөө  максатында уюштурулду.

Фото галерея