ОшМУ Ага Хан фонду менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ага Хан фонду менен кызматташат

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тиешелүү жетекчилер Ага Хан фондунун “MSDSP KG” коомдук фондунун Оштогу филиалынын директору  Жылдыз Мамытова баштаган делегация менен жолукту.

Жолугушууда ОшМУ менен Ага Хан фондунун кызматташтыгы тууралуу сөз болду. Окуу жай жетекчиси университеттеги окуу-илим-өндүрүш-коммерциалаштыруу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолду. ОшМУда “Жаштар бизнес паркы” түзүлүп, иштей баштагандыгын, борбор студенттердин ойлоп тубууларын, долбоорлорун ишке ашырууга ыңгайлуу база экендигин, ошол эле учурда эң мыкты бизнес идеяларды колдоо жагынан Ага Хан фондунун кызматташтыгы жогору экендигин белгиледи.

Жыйындын алкагында  Ага Хан фондунун жаштар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү, жумуш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөрдүн ортосунда байланышты бириктирүүнүн үстүндөгү платформаны иштеп чыгуу, мал чарбачылыгы багытында долбоорлор аркылуу окуу жайдын Табият таануу жана агрардык технологиялар факультети менен кызматташуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттарындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Эки тарап үчүн тең максатка ылайыктуу деп тандалып алынган багыттар боюнча алдыда жумушчу топ иш алып барат, жыйынтыгында меморандумга кол коюлат.

“ОшМУнун Бизнес Паркы түзүлгөн күндөн тартып Ага Хан фонду менен “Жергиликтүү өнүгүү” деген программасынын алкагында кызматташуудабыз. Ошондой эле жаштарды ишкердүүлүккө үндөө, стартаптарды иштеп чыгуу, ишке ашыруу багытында ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат.  Буга чейин 4 жолу Ага Хан фондунун колдоосу менен ОшМУнун студенттери үчүн тренинг уюштурулду. Анын негизинде питчинг болуп биздин 16 стартапер студентибиз 2,5 млн өлчөмүндө грант утуп алышты”,-деди  ОшМУнун Бизнес Паркынын директору Эрлан Камалов.