Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып стипендиялар жогорулатылат

Башкы Окуялар

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып стипендиялар жогорулатылат

Image

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алган студенттердин стипендиялары жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Стипендиянын жогорулашы жогорку окуу жайларынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан билим алуучуларга да тиешелүү болот.
Министрлер Кабинетине тиешелүү чараларды көрүү, ошондой эле стипендияларды жогорулатууга керектүү каражаттарды 2027-жылга республикалык бюджеттин долбооруна жана 2028–2029-жылдарга каралган пландуу мезгилге киргизүү тапшырылды.
2005-жылдын 19-январындагы №20 «Стипендияларды жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.
Жаңы жарлык расмий жарыялангандан кийин 7 күн өткөн соң күчүнө кирет.

 

 Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги