ОшМУнун бүтүрүүчүсү «Эл үмүтү» стипендиясын жеңип, Эдинбург университетинде окуйт

Башкы Окуялар

ОшМУнун бүтүрүүчүсү «Эл үмүтү» стипендиясын жеңип, Эдинбург университетинде окуйт

Image

Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунун бүтүрүүчүсү Акмырза Тургунбаев президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын ээси болду. Эми ал Улуу Британиянын Шотландия аймагындагы дүйнөгө белгилүү Эдинбург университетинде (University of Edinburgh) «Эл аралык мамилелер» (International Relations) багыты боюнча магистратурада билим алат.

Акмырза университетте окуп жүргөн жылдарында илимий изилдөөлөргө, эл аралык юридикалык олимпиадаларга жана конференцияларга активдүү катышып, академиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө умтулган. Алты тил билген жаш адис келечекте эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагында иштеп, Кыргызстандын эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө салым кошууну максат кылат.

Биз Акмырза Тургунбаев менен стипендияга жетүү жолу, ОшМУда алган билими, чет өлкөдө билим алууга болгон кызыгуусу, келечектеги максаттары тууралуу маектештик.

— Акмырза, алгач «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын ээси болушуңуз менен куттуктайбыз! Бул мүмкүнчүлүк тууралуу кантип билип, сынакка катышуу чечимин кабыл алдыңыз?

– Рахмат! «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы тууралуу университетте билим алып жүргөн кезимде социалдык тармактардан билдим. Бул программа чет өлкөдөгү алдыңкы университеттерде билим алууга мүмкүнчүлүк берерин түшүнүп, катышууну чечтим. Стипендияга тапшыруу үчүн талап кылынган документтерди даярдап, аларды расмий сайтка жүктөдүм. Бул мүмкүнчүлүк мен үчүн билимимди тереңдетүүгө жана келечектеги кесиптик максаттарыма жакындашыма жол ачты.

– Стипендиянын ээси болгонуңузду укканда кандай сезимде болдуңуз? Бул ийгиликти кимдер менен биринчи бөлүштүңүз?

– Бул кабарды укканда абдан кубанып, сыймыктандым. Ошол эле учурда чоң жоопкерчилик жүктөлөрүн да сездим. Анткени мындай мүмкүнчүлүк жеке ийгилик менен гана чектелбестен, алган билимиңди өлкөңдүн өнүгүшүнө жумшоого да милдеттендирет. Жакындарым менин ийгилигимди чоң кубаныч менен кабыл алышты. Алардын колдоосу мага ар дайым күч берип келген. Бул жетишкендик мен үчүн гана эмес, мени колдоп, ишеним арткан адамдар үчүн да өзгөчө мааниге ээ.

– Эл аралык деңгээлде билим алуу максатыңыз качан пайда болду? Буга эмне түрткү берди?

– Бул максат университетте окуп жүргөн жылдарымда, өзгөчө илимий иштерге жана эл аралык юридикалык олимпиадаларга катыша баштаган мезгилде калыптанды. Мындай тажрыйбалар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү студенттердин ой жүгүртүүсү, билим алуу ыкмалары жана укуктук системалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди. Ошондо өзүмдүн билимимди дагы тереңдетип, дүйнөлүк академиялык чөйрөдө тажрыйба топтоонун маанисин түшүндүм.

– Магистратурада билим алуу үчүн эмне себептен Улуу Британиядагы Эдинбург университетин тандадыңыз?

– Улуу Британия дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү борборлорунун бири катары белгилүү. Ал эми Эдинбург университети эл аралык деңгээлде таанылган, академиялык салты жана кадыр-баркы жогору окуу жайлардын бири. Бул окуу жайда билим алуу мен үчүн сапаттуу академиялык даярдыктан өтүүгө, эл аралык чөйрөдө тажрыйба топтоого жана дүйнөлүк процесстерди тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан магистратурада билим алуу үчүн дал ушул университетти тандадым.

– Эмне үчүн «Эл аралык мамилелер» багытын тандадыңыз? Келечекте бул тармакта кандай максаттарды көздөйсүз?

– Бул багытка болгон кызыгуум дүйнөлүк саясатка, мамлекеттердин ортосундагы мамилелерге жана эл аралык кызматташтыкка болгон кызыгуумдан улам пайда болду. Менимче, эл аралык мамилелер өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоодо, башка мамлекеттер менен өнөктөштүктү бекемдөөдө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда маанилүү орунду ээлейт. Келечекте эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагында иштеп, Кыргызстандын эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өлкөбүздүн кызыкчылыктарын татыктуу көрсөтүүгө салым кошкум келет. Ошондой эле дипломатиялык тажрыйбамды кеңейтип, ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер, дүйнөлүк деңгээлдеги адистер менен кесиптик байланыштарды түзүү мен үчүн маанилүү.

– Магистратураны аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып, өлкөнүн өнүгүшүнө кандай салым кошууну көздөйсүз?

– Менин негизги максатым алган билимимди, эл аралык тажрыйбамды Кыргызстан үчүн пайдалуу иштерге жумшоо. Келечекте эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагында иштеп, Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга, мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаштардын потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкум келет. Мен үчүн билим алуу жеке ийгиликке жетүүнүн гана жолу эмес, өлкөңө кызмат кылууга даярдануу. Билимди, мүмкүнчүлүктөрдү өлкөмдүн ийгилигине айландыруу менин башкы максатым.

– ОшМУдан алган билимиңиз жана окутуучуларыңыздын колдоосу бүгүнкү ийгилигиңизге кандай таасир берди?

– ОшМУнун Тарых-юридика институтун тандаганымдын негизги себеби, мыйзамга, мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомдогу адилеттүүлүк маселелерине болгон кызыгуум. Мен ар дайым укуктун коомдогу орду, адам укуктарын коргоо, мамлекеттин укуктук системасын өнүктүрүү маселелерине кызыгып келгем. ОшМУда мыкты окутуучулар эмгектенишет. Алардын ар бирин терең урматтайм. Окутуучуларымдын берген билими, кеңештери жана колдоосу менин калыптанышыма чоң таасир тийгизди. Университетте алган билимим азыркы жетишкендигиме жетүүгө негиз болду деп эсептейм.

     

Акмырзанын илимий жетекчиси, Тарых-юридика институтунун директору Жылдыз Айтбаева анын илимий изденүүсү жана өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмү тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Акмырзанын өзгөчө ой жүгүртүүсүн жана илимге болгон кызыгуусун белгилеп кетким келет. Ал студент кезинен эле коомдук жана илимий иштерге активдүү катышып, өз алдынча ой жүгүртүүсү, маселелерди терең талдай билүүсү менен айырмаланып турчу. Биз биргеликте онго жакын илимий макаланы эл аралык илимий журналдарда жарыкка чыгардык. Ошондой эле ал көптөгөн эл аралык илимий-практикалык конференциялардын активдүү катышуучусу болуп, илимий чөйрөдө өзүн өнүктүрүүгө умтулуп келет. Окутуучу жана илимий жетекчи катары мен үчүн студенттин өз алдынча ой жүгүртүп, жаңы идеяларды сунуштап, илимге салым кошууга умтулуусу өзгөчө маанилүү. Акмырза дал ушул сапаттары менен айырмаланат. Анын келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишип, коомго пайдалуу иштерди жасай беришине ишенем».

 

Маектешкен: Мээрим Осмонали кызы