Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 26-августунан 25-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Кабыл алуу адистиктерин ОшМУнун сайтында https://www.oshsu.kg/ru/page/292 шилтемеси менен көрүүгө болот.
Аспирантурага тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:
Аспирантурага кабыл алуу жөнүндө арыз ОшМУнун ректорунун атына берилет, ага төмөнкү документтер тиркелет:
- өмүр баян;
- жогорку окуу жайын, магистратураны бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорунун, ординатураны бүтүргөндүгү тууралуу сертификатынын нотариустан тастыкталган көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк жарандар үчүн – алардын билими тууралуу документтеринин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк);
- илимий жетекчисинин макулдугу (илимий жетекчисинин тастыкталган кол тамгасы, мөөрү менен) жана маалыматтары (кандидаттык жана доктордук диссертацияларынын адистиктери, шифрлери, окумуштуулук даражасы, наамы, иштеген жери жана кызматы, телефон номерлери);
- жарыкка чыккан илимий эмгектердин, ойлоп табуулардын тастыкталган көчүрмөлөрү (бар болсо);
- тиешелүү тармактын адисинин пикири менен тандалган адистик темасы боюнча реферат;
- 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
- кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган өздүк баракча;
- ОшМУнун тиешелүү профилдик кафедрасынын кеңешмесинин аспирантурага сунуштагандыгы жөнүндөгү протоколунан көчүрмө;
- кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- иштеген жерлеринен маалымкаттар;
- паспорттун көчүрмөсү (чет өлкөлүк жарандар үчүн нотариустан тастыкталган котормосу);
- окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин же мамлекеттик аттестациялык комиссиянын сунуштамaлары (бар болсо);
- кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө протоколдор жана мамлекеттик тилди тапшыргандыгы тууралуу сертификат (бар болсо).
Паспортту жана дипломду талапкер жеке өзү туп нускасында көрсөтөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:
(03222) 7-07-61
0559/0779 56 29 29