ОшМУда «Жаратман муун» демилгесинин алкагында массалык чуркоо иш-чарасы өтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «Жаратман муун» демилгесинин алкагында массалык чуркоо иш-чарасы өтөт

Image

24-октябрь Ош мамлекеттик университети Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда массалык чуркоо иш-чарасын өткөрөт. Анда катышуучулар 3 км аралыкка чуркашат. 

Массалык чуркоо  Президент Садыр Жапаровдун  «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» улуттук дем доктринасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Жаратман муун» демилгесине ылайык жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү максатын көздөйт.

Ага ОшМУнун, М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери катышат.