9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиада өткөрүлөт

Башкы Жарыялар

9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиада өткөрүлөт

ОшМУнун  Индустриалдык-педагогикалык колледжи тарабынан Ош шаарындагы орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиада өткөрүлөт.

🔹 Максаты:

Студенттердин математикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, билим деңгээлин жогорулатуу жана таланттуу жаштарды аныктоо.

🔹 Катышуучулар:

Ош шаарындагы бардык орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курс студенттери.

🔹 Өтүлүүчү күнү:

3-апрель, 2026-жыл

🔹 Өтүлүүчү жери:

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи

🔹 Олимпиаданын форматы:

Тесттик тапшырмаларды аткаруу жана ар кандай деңгээлдеги маселелерди жазуу жүзүндө чыгаруу.

🏆 Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.

 

Уюштуруучулар: Индустриалдык педагогикалык колледжинин математикалык дисциплиналар циклынын окутуучулары.

Суроолор боюнча Назгүл Нишанбаева кайрылыңыздар болот.

Тел: +996778614164