ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи тарабынан Ош шаарындагы орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин арасында математика предмети боюнча олимпиада өткөрүлөт.
🔹 Максаты:
Студенттердин математикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, билим деңгээлин жогорулатуу жана таланттуу жаштарды аныктоо.
🔹 Катышуучулар:
Ош шаарындагы бардык орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын 9-класстын базасында кабыл алынган 1-курс студенттери.
🔹 Өтүлүүчү күнү:
3-апрель, 2026-жыл
🔹 Өтүлүүчү жери:
ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи
🔹 Олимпиаданын форматы:
Тесттик тапшырмаларды аткаруу жана ар кандай деңгээлдеги маселелерди жазуу жүзүндө чыгаруу.
🏆 Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
Уюштуруучулар: Индустриалдык педагогикалык колледжинин математикалык дисциплиналар циклынын окутуучулары.
Суроолор боюнча Назгүл Нишанбаева кайрылыңыздар болот.
Тел: +996778614164