🎓 Профессор Каныбек Исаков атындагы стипендияга сынак жарыяланат 🎓

Башкы Жарыялар

🎓 Профессор Каныбек Исаков атындагы стипендияга сынак жарыяланат 🎓

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаковдун ысымын алып жүргөн стипендияга сынак жарыяланат!
💫 Максаты:
Чыгармачыл, таланттуу, окууда жана коомдук жашоодо активдүү студенттерди моралдык жана материалдык жактан колдоо.
📌 Кимдер катыша алат:
ОшМУнун күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттер.
📅 Документтерди тапшыруу мөөнөтү:
2025-жылдын 15-ноябрына чейин, ОшМУнун башкы корпусу, 121-каб.
📄 Керектелүүчү документтер:
    Арыз
    Транскрипт
    Чыгармачылык портфолио
    Мотивациялык эссе (“Мен эмне үчүн бул стипендияга татыктуумун?” – 300 сөзгө чейин)
    Декандын же директордун сунуштамасы
🏆 Жеңүүчүлөр:
Профессор Каныбек Исаков атындагы бир жолку стипендия жана сертификат менен сыйланат.
💰 Сынак профессор Каныбек Исаковдун үй-бүлөсү тарабынан каржыланат.
📣 Таланттуу студенттерге – чоң мүмкүнчүлүк!
Өз жөндөмүңдү көрсөт, сыймыктуу стипендиянын ээси бол!

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ