ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН СТИПЕНДИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Башкы Жарыялар

ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН СТИПЕНДИЯСЫНА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Ош мамлекеттик университетинде атайын жобонун негизинде факультеттерден жана колледждерден мыкты деп тандалып алынган студенттерге Окумуштуулар кеңешинин стипендиасы ыйгарылат.

Стипендианттар ОшМУнун «Эң мыкты студент» сынагынын жобосунун негизинде тандалып алынат. Сынак окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш-чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге, ошондой эле жаш таланттарга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

Сынактын эрежелерине ылайык, тандоо ар бир институтта, факультетте жана колледжде өткөрүлүп, ар бир түзүмдөн бирден гана студент университеттик этапка сунушталат. Катышуу үчүн институт, факультет жана колледждердин сунуштамасы талап кылынат.

Документтер 29-май саат 17:00гө чейин ОшМУнун башкы имаратындагы 121-кабинетте кабыл алынат.

ЖОБО