Университеттик олимпиадада байгелүү орун алгандар сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Университеттик олимпиадада байгелүү орун алгандар сыйланды

Image

25-июнда өткөн административдик кеңештин жыйынында окуу жайдын жетекчиси университеттер аралык аймактык IX студенттик олимпиадада ийгиликке жетишкендерди колдоп, акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Ага ылайык, байгелүү орундардын ичинен 1-орунга ээ болгон 24 студент 3000 сом өлчөмүндө жана аларды даярдаган 18 окутуучу 4500 сом өлчөмүндө сый акы алышты.
2022-жылдын 21-майында Жалал-Абад  мамлекеттик университетинде  университеттик олимпиада өткөн. Ага 8 жогорку окуу жайдын 250дөн ашуун окутуучулары жана 700дөн ашуун студенттери катышкан. Алар жалпы 17  предметтен күч сынашты.  
ОшМУда даярдалып жаткан багыттар боюнча 114 студент жана жооптуу 40 окутуучу барып катышып 24 студент (алардын ичинде 9 студент командалык жеңиш менен)   1-орунду, 13 студент 2-орунду жана 9 студент 3-орунду ээлеп, ийгиликке жетишип, дипломдорго ээ болушту.

Фото галерея