Министр А.Бейшеналиев Эл аралык Түрк академиясынын жыйынына катышты

Башкы Жаңылыктар

Министр А.Бейшеналиев Эл аралык Түрк академиясынын жыйынына катышты

Image

24-июнда Нур-Султан шаарында Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин V жыйыны болуп өттү.

Отурумга Түрк мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Багдат Амреев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Азербайжан, Казакстан билим берүү министрлери жана Казакстан Республикасындагы дипломаттар катышты.

Жыйында академиянын башчысы 2021-жылга отчет берип, 2022-жылдагы пландары менен тааныштырды. Илимий кеңештин мүчөлөрү аткарылган иштерди жогору баалап, академиянын 2022-жылга карата иш планын бекитти.

Маалымат жана сүрөт  https://edu.gov.kg/posts/592/ баракчасынан алынды.

Фото галерея