2-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде студенттердин диний сабаттуулугун жогорулатуу, диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу максатында маалыматтык семинар уюштурулду.
Иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу Илимий-изилдөө институтунун директору Самаган Мырзаибраимов, башкармалыктын даават, үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик Молдокулов, президентге караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлү Азамат Таиров баяндама жасашты.
Семинарда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, салттуу руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо, социалдык тармактардагы терс таасирлерден коргонуу тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле радикалдык агымдардын алдын алуу, жаштардын сынчыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруу маселелери талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер спикерлерге суроолорун берип, жооп алышты.
Бул багыттагы маалыматтык-түшүндүрүү иштери университеттин бардык түзүмдөрүндө улантылат. Семинар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий катынын жана Ош мамлекеттик университетинин 2026–2027-окуу жылына карата профилактикалык иш-чаралар планынын негизинде уюштурулду.