Бишкекте ОшМУнун сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Бишкекте ОшМУнун сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүп жатат

Image

Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 23-сентябрда ОшМУда эмгектенген Исмаил Урманов, Кубанычбек Мамарайымов, Мухтар Ысмайыловдордун 60 жылдык мааракесине арналган “180 градус” деген аталыштагы көргөзмөсү уюштурулуп, ачылыш аземи  өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилигинен, Билим берүү жана илим министрлигенен  өкүлдөр, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, окутуучулар, студенттер, кесиптештери жана искусство күйөрмандары катышты.

Көргөзмөгө ОшМУда эмгектенген белгилүү сүрөтчүлөр Исмаил Урманов, Кубанычбек Мамарайымов, Мухтар Ысмайыловдордун 120дан ашуун пейзаж жанрындагы живопистик чыгармалары, тематикалык композициялары коюлду.

“Коюлган эмгектердин баары жаңы эмгектер, алардын ар биринде жаратылыштын кооздугун, түстөрдүн, өңдөрдүн айкалышын бердик. Андан сырткары жыл сайын окуу жай бизге Ысык-Көлдүн кооз жерлерине жөнөтүп эмгектерди жаратууга шарт түзүп берип келет. Көргөзмөгө ошол жайкы пленердик эмгектерибиз да тартууланып жатат. Көрүүчүлөрдүн жакшы баа бергендиги, сунуш-пикирлерин айткандыгы бизди шыктандырды. Өзүбүздүн үстүбүздөн дагы иштеп, персоналдык көргөзмөлөрдү өткөрүүнү максат кылдык”, -дейт сүрөтчү Мухтар Ысмайылов.

Исмаил Урманов түштүк аймыгындагы  белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири.  Ал 1997-жылдан бери Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1990-жылдан бери республикалык, эл аралык көргөзмөлөрдө эмгектери тартууланып келет.

Кубанычбек Мамарайымов – сүрөтчү, акын, педагог, устат,  актер.  "Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги", 2013-жылдан бери Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

Мухтар Ысмайылов – сүрөтчү, педагог, окумуштуу, педагогика илимдеринин кандидаты, Билим берүүнүн отличниги. 2019-жылдан бери Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 40 жылдан ашуун убакыттан бери жаш муундарга билим, тарбия  берүүдө.

“180 градус” сүрөт көргөзмөсү ОшМУнун колдоосу менен уюштурулду.

 Көргөзмө 2021-жылдын 7-октябрына чейин уланат.

Фото галерея