Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси ОшМУнун ардактуу профессору болду

Башкы Жаңылыктар

Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси ОшМУнун ардактуу профессору болду

Image

26-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфлого «ОшМУнун ардактуу профессору» наамы берилди. 

Аземде элчиге университеттин жетишкендиктери, илимий мүмкүнчүлүгү жана Европа биримдигинин колдоосу менен жүрүп жаткан эл аралык долбоорлор тааныштырылды. 

Ректор Кудайберди Кожобеков Реми Дюфлого ыраазычылык билдирип, билим берүү, илим жана эл аралык кызматташтык тармагындагы өнөктөштүк маанилүү экенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, университет эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү колдоого, жаңылыктарды киргизүүгө жана студенттер менен окутуучулардын башка өлкөлөрдө окуп, тажрыйба алмашуусуна өзгөчө көңүл бурат. Европа биримдиги менен кызматташуу жаңы окуу долбоорлорун ишке ашырып, окуу жайдын эл аралык байланыштарын чыңдоого жол ачат.

Учурда Ош мамлекеттик университетинде Erasmus+ программасынын алкагында беш долбоор ишке ашып жатат. Алар: 

  • BERNICA – тамактануу жана диетология боюнча билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү;
  • GreenKG – жашыл жана санариптик университеттерди өнүктүрүү;
  • SILKWAY – кайра жаралуучу энергия боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү;
  • Cyber4CA – киберкоопсуздук боюнча инновациялык программа;
  • D-TIDE-KG – инклюзивдүү докторантураны санариптик трансформациялоо.

Бул долбоорлор окуу программаларын жакшыртууга, санариптик чечимдерди киргизүүгө, студенттерге жаңы кесиптик көндүмдөрдү калыптандырууга жана эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

 

Фото галерея