Профессор Байболот Абытов эл аралык конференцияда баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

Профессор Байболот Абытов эл аралык конференцияда баяндама жасады

Image

20-октябрда Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде СССРдеги улуттук мамлекет куруу жана улуттук саясаттын тарыхына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага Орусия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары катышты.

Конференцияда Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтундагы «Чыгыш кол жазмалары жана мурастары» фондунун жетекчиси, профессор Байболот Абытов «Кыргыз АССРинин биринчи Конституциясы: даярдалышы жана саясий шарттары» деген темада баяндама жасады.

Иш-чарада совет мезгилиндеги улуттук мамлекет куруу жараяны, анын конституциялык негиздери, улуттук саясаттын өзгөчөлүктөрү талкууланды. Ошондой эле ошол мезгилдеги тарыхый тажрыйбанын бүгүнкү күн үчүн маанисине көңүл бурулду.

Эл аралык конференция 1936-жылдагы СССР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 90 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналды.

Иш-чараны Кыргыз улуттук университети менен Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Тарых институту биргеликте уюштурду.

 

Фото галерея