Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык коллежинин орус тили жана адабияты боюнча окутуучусу Жамиля Досматова Орусияда «Евразия» эл аралык сыйлыгынын «Евразия лидери» номинациясы боюнча финалист болду.
Досматова «Евразия педагогикалык кеңешинин ченемдик-этикалык платформасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү» аттуу долбоору менен финалга чыкты. Долбоор евразиялык насаатчылык системасын калыптандырууга, педагогдорду колдоп, кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Москвадагы «Россия» борбордук залында өткөн финалдык иш-чарада Жамиля Досматова өз долбоорун тааныштырды. Анда насаатчылыктын мааниси, мугалимдерди колдоо жана Евразия мейкиндигинде педагогдордун кесиптик кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери козголду.
«Евразия» эл аралык сыйлыгы коомдук демилгелерди колдоого, гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө багытталган ири эл аралык долбоор. 2026-жылы сыйлыкка дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 5000ден ашуун арыз келип түшкөн. Эксперттик тандоонун бир нече баскычынан кийин 30 өлкөдөн сунушталган 100 долбоор он номинация боюнча финалга чыккан.