Медициналык коллеждин окутуучулары спортто таймашты

Башкы Жаңылыктар

Медициналык коллеждин окутуучулары спортто таймашты

Image

ОшМУнун медициналык коллежинде предметтик-циклдик комиссиялардын окутуучуларынын арасында «Спорт – ден соолуктун жана биримдиктин булагы» аттуу эстафета өттү.

Мелдешке алты команда катышып, катышуучулар шамдагайлыкты, ыкчамдыкты жана командалык иштөө жөндөмүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду акушердик жана педиатриялык дисциплиналар предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучулар багындырды. 2-орунга фармацевтикалык дисциплиналар предметтик-циклдик комиссиясы, 3-орунга медайым ишинин негиздери предметтик-циклдик комиссиясы ээ болду. 

Эстафета кесиптештердин ортосундагы достукту бекемдөөгө, спортко болгон кызыгууну арттырууга багытталды.