Студенттер Анжиянда өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Анжиянда өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты

Image

15-октябрда ОшМУнун Бизнес паркы студенттер, окутуучулар жана жаш ишкерлер үчүн Өзбекстандын Анжиян шаарына бизнес-тур уюштурду. Катышуучулар бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш процесстерин өз көзү менен көрүштү.

Алгач делегация «Багы Шамал» паркына жана Бабур мемориалдык комплексине барып, калаанын тарыхый-маданий жайларын кыдырды. Андан соң Dinar Group компаниясына барышып текстиль өндүрүшүнүн этаптары менен таанышты. Кездеме даярдоодон тартып, кийим-кече жана башка буюмдарды тигүүгө чейинки процесстер көрсөтүлдү. Катышуучулар өндүрүштү уюштуруу, технологияларды колдонуу, продукциянын сапатын көзөмөлдөө тууралуу практикалык маалымат алышты.

Делегация Ташкент эл аралык университетинин Анжиян кампусунда да болду. Анда билим берүү процесси, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы менен таанышышты. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары полиэтилен жана желим баштыктарын чыгарган ишкананын иши көрсөтүлдү. Катышуучулар чийки затты иштетүү, желим баштыкка форма берүү, ага сүрөттөрдү, жазууларды басып чыгаруу этаптарын көрүштү. Anjan балмуздак фабрикасында продукцияны даярдоо процесси жана өндүрүштүк жабдуулардын иштөө тартиби менен да таанышышты. Фабриканын өкүлдөрү өз продукцияларын сунушташты.

Бизнес-турдун соңунда делегация Navruz Mall соода борборуна барды. Катышуучуларды музыка менен тосуп алып, атайын куттуктоо жазуусу менен жылуу маанайда кабыл алышты.

Бизнес-тур студенттердин, жаш ишкерлердин ишкердик көз карашын кеңейтүүгө, теориялык билимди практика менен айкалыштырууга жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталды. ОшМУнун Бизнес паркы жаштардын ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүп, практикалык тажрыйбасын арттыруу максатында мындай сапарларды тынбай уюштуруп келет.

 

Фото галерея