ОшМУ менен «МедиаХаб» жаш журналисттерди даярдайт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен «МедиаХаб» жаш журналисттерди даярдайт

Image

Ош мамлекеттик университети менен «МедиаХаб» медиасы журналистикага кызыккан студенттер үчүн ай сайын тренингдерди өткөрө баштады. 

Долбоор жаштардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүп, кесипкөй журналисттердин тажрыйбасын үйрөнүүгө жана келечектеги кесибине даярданууга багытталган. Окутуулар 19-октябрда башталып, «МедиаХабдын» негиздөөчүсү Али Токтакуновдун командасы менен биргеликте уюштурулууда. Ага журналистика, киноакадемия, медиалингвистика адистиктеринде билим алган студенттер катышууда.

Тренингдерде студенттер журналистиканын негиздери, иликтөө журналистикасы, фактчекинг боюнча билим алышат. Ошондой эле коомчулук үчүн маанилүү темаларды аныктаганды, журналисттик материалдарды даярдоо боюнча практикалык тажрыйба топтошот.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков студенттерди мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, билимдерин тереңдетүүгө жана кесиптик жактан өнүгүүгө чакырды. Алгачкы сабакта журналист Асел Шамилова өтүп берди. Ал «МедиаХабдын» ишмердүүлүгү, негизги багыттары жана журналисттик материалдарды даярдоо өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.

Долбоордун алкагында тренингдерге активдүү катышкан студенттердин арасынан бир талапкер тандалып, «МедиаХабдын» Ош шаарындагы журналисти болуп иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул жаштарга кесиптик чөйрөгө аралашып, эмгек жолун баштоого шарт түзөт.

ОшМУ менен «МедиаХабдын» кызматташтыгы теориялык билимди практика менен айкалыштырууга, жаш журналисттердин кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө жана медиа тармагына даяр адистерди калыптандырууга багытталган.