ОшМУда аял дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда аял дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинде расмий дин тармагында эмгектенип жаткан аял дин кызматкерлери үчүн 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсу баштады.
Курска Ош облусунан жана Ош шаарынан жалпы 51 аял дин кызматкери катышууда. Долбоор Ош мамлекеттик университетинин, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин, Түркия Диянет Вакфынын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматташуусунун негизинде уюштурулду.
Окуу программасына салттуу ислам түшүнүгү, Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасы, диний экстремизмдин алдын алуу, дин жана укук, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана башка актуалдуу темалар киргизилген. Курс дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу, алардын кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана коомдогу диний агартуу иштеринин сапатын көтөрүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулууда.

Фото галерея