ОшМУ Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети менен илимий кызматташтыкты өнүктүрөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университети менен илимий кызматташтыкты өнүктүрөт

Image

Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев жана Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы Султанбек Матназаров Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университетинин жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууга аталган университеттин ректору, профессор Саодат Насирова, окуу иштери боюнча проректору Зухриддин Алимов, факультет декандары Мирзохид Аскаров, Самида Мустафаева катышты.

Тараптар эки университеттин ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле чыгыш тилдерин окутуу боюнча тажрыйба алмашуу, практикалык программаларды уюштуруу, тарыхый кол жазмаларды изилдөө, аларды илимий чөйрөгө киргизүү, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү багыттары боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, белгиленген багыттар боюнча биргелешкен иштерди улантууга макулдашышты.

 

Фото галерея