Cтуденттер “Салам Ош – 2026” эл аралык туристтик фестивалына катышты

Башкы Жаңылыктар

Cтуденттер “Салам Ош – 2026” эл аралык туристтик фестивалына катышты

Image

21-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Беш-Мерген жайлоосунда “Салам Ош – 2026” VII эл аралык туристтик фестивалы өттү. 

Ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар жана Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстандан келген коноктор катышты.

Фестивалда кыргыз күрөш, аркан тартыш, таяк тартыш, кол күрөш, салбуурун боюнча улуттук оюндар уюштурулду. Ошондой эле бүркүт салуу, тайган жарыш, жамбы атуу сыяктуу аңчылык өнөрлөр көрсөтүлдү. Коноктор үчүн кыргыз элинин куда түшүү, тушоо кесүү, бешикке бөлөө салттары сахналаштырылып, этно-мода көрсөтүүсү жана концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин, кыргыз-кытай факультетинин жана Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус тили бөлүмүнүн студенттери катышып, окуу жайдын коомдук-маданий турмуштагы активдүүлүгүн көрсөтүштү.

“Салам Ош – 2026” фестивалы Оштун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, улуттук маданиятын, каада-салттарын даңазалоо максатында уюштурулду. Соңунда эстафета Кара-Кулжа районуна тапшырылды.


 

Фото галерея