Окутуучулар каржылык сабаттуулук боюнча окутуудан өттү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар каржылык сабаттуулук боюнча окутуудан өттү

Image

12-майда Ош мамлекеттик университетинде каржылык сабаттуулук боюнча тренинг уюштурулду. Ага окуу жайда эмгектенген 25 окутуучу катышты.

Окутууда үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти пландоо, каражат топтоо, банктык кызматтар, насыялар, ислам каржылоо принциптери, инвестициялар, электрондук төлөмдөр, финансылык коопсуздук, салыктар, камсыздандыруу тууралуу айтылды.

Катышуучулар киреше-чыгашаны кантип көзөмөлдөө, акчаны туура пайдалануу, финансылык тобокелчиликтерден сактануу жана жеке каражатын натыйжалуу башкаруу боюнча практикалык кеңештерди алышты. Ошондой эле санариптик финансылык кызматтарды коопсуз колдонуунун жолдору түшүндүрүлдү.

Тренинг Улуттук банк жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) тарабынан уюштурулду.


 

Фото галерея