Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан «Ала-Тоо жазы–2026» сынагында жаштардын чыгармачылык деңгээлин ачуудагы мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар талкууланды.
Жыйынга ОшМУнун коомчулук жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, сынакка келген 14 команданын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар чыгармачыл жаштарды колдоодо билим берүүнүн ролу, жаңы ыкмалар, мотивация, шарт түзүү маселесин көтөрүштү. Таланттарды кантип таап, өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында жаштар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, чыгармачыл иштерди колдоо жана тоскоолдуктарды азайтуу боюнча сунуштар жазылды.
Бүгүн «Ала-Тоо жазы-2026» кароо сынагынын биринчи баскычы жыйынтыкталды. Эртең, 30-апрелде финал болот. Мыктылар акчалай сыйлык алат. Сынакка өлкөдөгү жогорку окуу жайлардан, институт жана коллеждерден 14 команда катышууда.