ОшМУнун окутуучулары Өзбекстанда кыргыз тилин окутуу боюнча маалымат берди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Өзбекстанда кыргыз тилин окутуу боюнча маалымат берди

Image

23–25-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин эки окутуучусу Өзбекстанда тажрыйба алмашуу иш сапарында болду. 

Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Канышай Чотикеева жана медициналык коллеждин окутуучусу Таалайкан Исакова Наманган шаарындагы Бизнес жана илим университетине барышты. Алар “Үзгүлтүксүз билим берүүдө инновациялык педагогика: санариптик билим берүү технологиялары жана окууга чыгармачыл мамилелер” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Анда санариптик билим берүүнүн заманбап технологиялары тууралуу баяндамалар окулду. Окутуунун сапатын жогорулатуу, студенттердин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашылды. Мындан тышкары окутуучулар аталган университеттин студенттерине конок лекцияларды окушту. Алар кыргыз тилин экинчи тил катары салыштырып окутуунун (А1, А2 деңгээли) ыкмаларын түшүндүрүштү. Ошондой эле окуучулардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө накыл сөздөрдү колдонуунун улуттук өзгөчөлүктөрүн айтып беришти.

 

Фото галерея