ОшМУнун жүздөн ашуун кызматкери «Ден соолук жана биримдик» марафонуна катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жүздөн ашуун кызматкери «Ден соолук жана биримдик» марафонуна катышты

Image

25-апрелде Ош шаарында «Ден соолук жана биримдик» марафону өттү. Ага Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинен 100дөн ашуун кызматкер катышты.

Катышуучулар 4,5 чакырым аралыкка чуркашты. Марафон достук жана ынтымактуу маанайда өттү. Балдар үчүн өзүнчө чуркоо уюштурулду. Иш-чарада катышуучулар үчүн оюн-зоок, флешмоб жана маданий программалар болду. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Марафонду Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы жана Ош шаарынын мэриясы 1-Май – Эмгек майрамына карата өткөрдү. Максаты сергек жашоону жайылтуу, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо, алардын ортосундагы достукту бекемдөө болду.

 

Фото галерея