Окутуучулар Ташкентте 12 жылдык билим берүү тажрыйбасы менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Ташкентте 12 жылдык билим берүү тажрыйбасы менен бөлүштү

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары Ташкенттеги Низами атындагы университетте өткөн эл аралык конференцияга катышты.

«Башталгыч билим берүүчү мугалимдердин жаңы муунун даярдоо: дүйнөлүк тренддер, эл аралык тажрыйба жана инновациялык технологиялар» деген темадагы илимий-практикалык жыйында башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн учурдагы абалы талкууланды.

Катышуучулар дүйнөлүк тажрыйбага негизделген баяндамаларды угуп, жаңы муундагы мугалимдерди даярдоо жана инновациялык технологияларды колдонуу боюнча маалымат алышты.

Мындан тышкары Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын алты окутуучусу – Танавархан Акматова, Райкан Турганбаева, Дамира Тагаева, Нүргүл Капарова, Кылычбек Курбанбаев, Алимбек Борсонов Низами университетинде ачык сабактарды өтүштү. Алар башталгыч класстын студенттерине 12 жылдык билим берүү системасы боюнча «Математика» жана «Мен жана дүйнө» сабактарын кантип өтүү керектигин көрсөтүштү.

Бул сапар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында өттү. Ал эл аралык кызматташтыкты күчөтүүгө, тажрыйба алмашууга, жаңы окутуу ыкмаларын үйрөнүүгө жардам берди.

 

Фото галерея