“Бычмачы-тикмечи” кыска мөөнөттүү курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификат тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

“Бычмачы-тикмечи” кыска мөөнөттүү курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификат тапшырылды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык коллежинин Алдыңкы тажрыйба борборунда уюштурулган “Бычмачы-тикмечи” кыска мөөнөттүү окуу курсунун кезектеги катышуучулары окууну ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту.

16-марттан 17-апрелге чейин өткөн 72 сааттык интенсивдүү программага 24 катышуучу катышты. Алардын катарында университеттин окутуучулары, студенттер, коллеж окуучулары, мектеп окуучулары бар. Курс учурунда катышуучулар кийимдин чиймесин чийүүдөн баштап, даяр буюм тигүүгө чейинки практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Бул программа кыска убакытта кесиптик билим алып, аны түздөн-түз практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

“Бычмачы-тикмечи” курсунун кийинки агымы 10-майда башталат. Катышууну каалагандар Индустриалдык-педагогикалык коллеждин 304-кабинетине кайрылып каттала алышат. Байланыш номерлери: 0707 20 62 69, 0773 74 24 24.

Фото галерея