Студенттер “Жаштар – билим – эл аралык кызматташтык” форумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер “Жаштар – билим – эл аралык кызматташтык” форумуна катышты

Image

15-апрелде Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Жаштар парламенти тарабынан уюштурулган “Жаштар – билим – эл аралык кызматташтык” форуму жана “Жогорку Кеңештин модели” иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар, интерактивдүү сессиялар, тренингдер уюштурулуп, катышуучулар коомдук-саясий активдүүлүктү арттырууга багытталган маалыматтарды алышты. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ОшМУ Жаштар парламенти менен, андан сырткары Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын түштүк региондук өкүлчүлүгү менен кызматташтык меморандумуна кол койду.

Мындан сырткары студенттер депутаттардын ролун аткарып, мыйзам долбоорлорун сунуштоо, талкуулоо, кабыл алуу процесстерине түз катышышты. Бул формат аларга парламенттик ишмердүүлүктү практика жүзүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Форумга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, ОшМУнун жаштар саясаты жана коомчулук менен байланыш боюнча проректору Нуржамал Мапаева, ар түрдүү тармактардагы эксперттер, лидерлер катышты. Алар жаштар менен билим берүү, жаштар саясаты, эл аралык кызматташтык жана лидерлик темаларында пикир алышты.

Иш-чара жаштарды лидерликке шыктандыруу, мамлекеттик башкаруу системасын түшүнүүгө көмөк көрсөтүү, заманбап билим алууга багытталды.


 

Фото галерея