ОшМУда 50дөн ашуун дин кызматкери кайра даярдоодон өтүп сертификат алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда 50дөн ашуун дин кызматкери кайра даярдоодон өтүп сертификат алды

Image

Теология факультетинде уюштурулган 72 сааттык “Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу” курсун  Ош шаарынан жана Ош облусунан келген элүүдөн ашуун дин кызматкери ийгиликтүү аяктады.

Программа дин жаатындагы актуалдуу маселелерди камтып, салттуу ислам түшүнүгү, дин жана укук, диний экстремизм менен радикализмдин алдын алуу, мазхабтар тарыхы, улуттук маданият, дин темалары боюнча билимдер берилди.

Курстун жыйынтыгында угуучуларга сертификаттар тапшырылып, иш-чарага Дин башкармалыгынын алдындагы илим-изилдөө институтунун директору Самаган Мырзаибраимов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Муфтияттын Ош шаары боюнча өкүлү Самидин Атабаев, Ош облусу боюнча өкүлү Султанали Гапуров, Түркия Диянет фондунун директорунун орун басары Фатих Каяжан, Теология факультетинин деканы Ниязали Арипов катышты.

Жыйын учурунда дин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган мындай окуулардын мааниси белгиленди.  Ошондой эле алардын коомдогу ролу баса көрсөтүлдү.

Аталган курс университеттин Квалификацияны жогорулатуу борбору, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүктөгү бөлүмү, Түркия Диянет вакфы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.


 

Фото галерея