Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Түркия стипендиялары программасына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу 13-апрелде Диянет фондунун башкы директорунун орун басары Фатих Каяжан баштаган делегациянын ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууга TDV билим берүү башкы башкармалыгынын директору Эсен Сезен Кылыч, Түркиянын билим берүү министрлигинин өкүлү Бюньямин Акюз, Түркиянын Бишкектеги элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик жана теология факультетинин деканы Ниязали Арипов катышты.
Тараптар ОшМУ менен Диянет фондунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Учурда окуу жайдын Теология факультетинин негизги каржылык чыгымдарын аталган фонд каржылайт.
Түркия стипендиялары – бул аталган өлкөнүн өкмөтү тарабынан каржыланган эл аралык программа. Анын алкагында студенттер ал жакта акысыз билим алып, жатакана, стипендия менен камсыз болушат. Ошондой эле тил курстары жана маданий программалар уюштурулат.
ОшМУ менен Түркия Диянет фонду 30 жылдан ашуун убакыттан бери кызматташып келет. Фонд 1924-жылы Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан түзүлгөн.