13-мартта резиденциясы Алматыда жайгашкан Литванын Кыргызстандагы элчилигинин башкы консулу Шаруне Кубилюте Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) болду. Анда билим берүү жана илимий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Жолугушууга башкы консул менен бирге анын кеңешчиси Эдуард Мажул жана Литванын Ош шаарындагы ардактуу консулу Медербек Орумбаев да катышты.
Делегацияны ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, билим берүү жана академиялык байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышуу болду. Башкы консул Шаруне Кубилюте ОшМУ Кыргызстандагы ири жогорку окуу жайлардын бири экенин белгилеп, Литва тарап университет менен билим берүү, илимий изилдөө, академиялык алмашуу багыттарында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар англис тилиндеги билим берүү программаларын өнүктүрүү, окутуучулардын алмашуу программаларын ишке ашыруу, илимий изилдөөлөр боюнча кызматташтыкты күчөтүү жана ОшМУну Литванын университеттери менен түз байланышууга көмөктөшүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Ош шаарында Литванын ардактуу консулдугунун ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.
Сапардын алкагында коноктор студенттер жана окутуучулар менен жолугушуп, конок лекция өткөрүштү. Лекцияда студенттер эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, Литвадагы жогорку окуу жайлар, академиялык мобилдүүлүк программалары жана Европа өлкөлөрү менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.