Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги «Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фондунун (АИФ) гранттарын алууга экинчи айлампадагы сынакты жарыялайт.
Сынактын максаты — өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын илимий потенциалын жогорулатууга жана университеттер менен экономика тармактарынын ортосунда кызматташууну бекемдөөгө багытталган инновациялык академиялык жана илимий долбоорлорду колдоо.
Сынакка катышууга бардык мамлекеттик жана жеке менчик ЖОЖдордун окутуучулары жана изилдөөчүлөрү чакырылат.
Долбоолорду тандоодо аялдар жетектеген, студент кыздарды жана социалдык жактан аярлуу топторду же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тарткан демилгелерге артыкчылык берилет.
Гранттын максималдуу суммасы: 200 000 АКШ долларына чейин
Долбоонун узактыгы: 36 айга чейин
1-этап (долбоор идеяларын тапшыруу): 2026-жылдын 08-апрелине чейин, саат 24:00гө чейин
2-этап (толук сунуш даярдоо): 2026-жылдын 30-июлуна чейин, саат 24:00гө чейин
Формалар жана кошумча маалыматтар: https://egov.kg/kg/ministry/104/news/21044 шилтемесинде жеткиликтүү .
ЭСКЕРТҮҮ! Курулуш иштерине, окутуучуларга эмгек акы же жөлөкпул төлөөгө, студенттерге стипендия берүүгө, ошондой эле транспорт каражаттарын сатып алууга каражат жумшоого тыюу салынат.
Долбоорго түздөн-түз байланышпаган бардык чыгымдар катуу түрдө тыюу салынат.
Маалыматтык кампаниянын алкагында окутуучулар жана изилдөөчүлөр менен онлайн жолугушуулар өткөрүлөт:
Бейшемби, 12-март, 11:00–12:00 / Google Meet / Видеожолугушууга шилтеме: https://meet.google.com/aod-avej-yir
Дүйшөмбү, 16-март, 11:00–12:00 / Google Meet / Видеожолугушууга шилтеме: https://meet.google.com/tdb-yhkg-sys
Бейшемби, 19-март, 11:00–12:00 / Google Meet / Видеожолугушууга шилтеме: https://meet.google.com/epp-pyse-hwf
Мындан тышкары, тааныштыруу семинарлары (офлайн жана онлайн форматта) 2026-жылдын 25-мартында, 3 жана 7-апрелинде өткөрүлөт.
Катышуу үчүн 2026-жылдын 22-мартына чейин төмөнкү дарекке кат жөнөтүү керек: aifgrant2025@gmail.com (аты-жөнүңүздү, окуу жайыңызды, семинардын датасын жана электрондук дарегиңизди көрсөтүңүз).
КИВО долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып, жогорку билим берүү тармагындагы сапатты жана системалуу өзгөрүүлөрдү илгерилетүүгө багытталган.
Суроолор жана арыз тапшыруу үчүн байланыш маалыматтары:
aifgrant2025@gmail.com