Айыл чарба колледжи «Agro Expo–2026» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Башкы Жаңылыктар

Айыл чарба колледжи «Agro Expo–2026» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Image

5–6-март күндөрү Ош шаарында өтүп жаткан «Agro Expo–2026» эл аралык айыл чарба көргөзмө-жарманкесине Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба коллежи да катышууда.

Көргөзмөнүн алкагында колледж тарабынан айыл чарба техникалары, малдарды диагностикалоо үчүн колдонулуучу жабдуулар жана жасалма уруктандыруу боюнча мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды. Иш-чарага студенттер да катышып, фермерлер менен дыйкандарга адистиктер тууралуу маалымат берип, суроолоруна жооп беришти.

Жарманкеде заманбап айыл чарба техникалары, сапаттуу үрөндөр, көчөттөр, жер семирткичтер жана айыл чарба продукциялары сунушталды. Мындан тышкары адистер тамчылатып сугаруу системалары боюнча маалымат берип, агрономдор мастер-класстарды өткөрүштү. Ошондой эле фермерлер үчүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалыматтар айтылды.

Эл аралык көргөзмөгө Өзбекстан, Тажикстан, Кытай өлкөлөрүнүн жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өкүлдөрү катышып, өз продукцияларын сунушташууда. Иш-чара лотерея ойнотуу жана шоу-программа менен коштолууда.

«Agro Expo–2026» жарманкесинин максаты – дыйкан-фермерлерге тажрыйба алмашуу үчүн шарт түзүү, жаңы өнөктөштөрдү табуу жана айыл чарба тармагына инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. 

 

Фото галерея