ОшМУда айымдардын эл аралык күнүнө карата волейбол турнири башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда айымдардын эл аралык күнүнө карата волейбол турнири башталды

Image

Окуу жайдын Кесиптик бирлиги 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтка айланган волейбол турнирин уюштурду. Мелдештин ачылыш аземи 4-март күнү өтүп, ага жалпы 19 команда катышууда.

Турнир эки топко бөлүнүп өткөрүлөт. Биринчи топто институттар жана факультеттер өз ара күч сынашат. Ал эми коллеждердин, мектептердин жана лицейлердин мугалимдери өзүнчө таймашат. 

Жалпы байге фонду 70 миң сом. Жеңүүчүлөр 6-мартта аныкталып, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байгелер төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

  • 1-орун – 10 миң сом;
  • 2-орун – 7 000 сом;
  • 3-орун – 5 000 сом;
  • 4-орун – 4 000 сом.

Ошондой эле мелдешке катышкан ар бир командага 2000 сомдон сыйлык берилет. Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаровдун айтымында, бул турнир жыл сайын профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достук мамилени чыңдоо, жамаат ичиндеги ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулуп келет.


 

Фото галерея