Ош мамлекеттик университетинде улуу ойчул, акын жана мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын 1010 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция уюштурулду.
“Борбор Азия элдеринин өнүгүшүндөгү байыркы кол жазмалар: тил, адабият жана маданият” аталышындагы жыйында ойчулдун дүйнөлүк маданий мурастагы орду, анын Кут алчу билим чыгармасынын тарбиялык мааниси, тарыхый баалуулугу кеңири талкууланды. Иш-чарага коңшу мамлекеттерден келген окумуштуулар жана расмий өкүлдөр катышты.
Университеттин ректору Кудайберди Кожобеков бул маараке улуттук руханий мурасты даңазалоого жана жаш муунду адеп-ахлактык баалуулуктарга тарбиялоого чоң салым кошорун белгиледи. Ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулдары Карибай Мухтар уулу, Зафар Ахмедов сөз сүйлөдү. Алар Жусуп Баласагындын эмгектери бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой, өзгөчө жаштар үчүн тарбиялык мааниге ээ экенине токтолушту.
Конференциянын жүрүшүндө 20дан ашуун илимий баяндама окулуп, илимий пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мааракелик иш-чара университеттеги Өзбек тили жана маданияты борбору, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын демилгеси менен уюштурулду.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, Жусуп Баласагын болжол менен 1015-1016-жылдары Карахандар каганаты доорунда, азыркы Токмок шаарына жакын жайгашкан Баласагын шаарында төрөлгөн. Анын өмүр жолу тууралуу маалыматтар толук сакталган эмес. Улуу ойчул 1075-жылы 55 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.