ОшМУнун окутуучусу жетектеген курама команда Кыргызстандын чемпиону болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу жетектеген курама команда Кыргызстандын чемпиону болду

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Мирбек Рахманов машыктырган Ош шаарынын тогуз коргоол боюнча курама командасы Кыргызстандын чемпиону аталды.

15–22-февраль күндөрү Бишкек шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен дүйнө чемпионатына тандоо мелдешине өлкөнүн мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Оюндун жүрүшүндө Рахманов машыктыруучу катары командасын жетектөө менен катар калыстык милдетти да аткарды.

Мирбек Рахманов Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун дене тарбия бөлүмүндөгү факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенет. 2015-жылдан бери Ош шаарынын курама командасын машыктырып келет.

Анын тарбиялануучуларынын арасында дүйнөлүк жана Азиялык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарды багындырган спортчулар бар. Ошондой эле Рахманов университеттин кыздар жана балдар курама командаларына насаатчылык кылат.

Фото галерея