ОшМУда Борбор Азиянын тарыхый байланыштарына арналган конок лекция өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Борбор Азиянын тарыхый байланыштарына арналган конок лекция өттү

Image

Окуу жайда Самарканд мамлекеттик педагогикалык институту менен кызматташуунун алкагында конок лекция уюштурулду.

Лекция Самарканддан келген тарыхчы Улугбек Мавлянов менен оштук юрист Улукбек Сүйөркуловдун тандем форматындагы баяндамасы менен коштолду. Иш-чарага 2-3-курстардын студенттери жана окутуучулар катышып, чоң кызыгуу жаратты.

Жолугушууда Борбор Азиядагы тарыхый процесстерге салыштырма талдоо жүргүзүлүп, байыркы Самарканд жана Ош шаарларынын маданий-тарыхый ролу белгиленди. Ошондой эле аймактагы элдердин маданий өз ара аракеттенүүсү, тарыхый өнүгүүнүн негизги этаптары боюнча илимий көз караштар сунушталды.

Конок лекция Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус филологиясы бөлүмүндөгү орус тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасы тарабынан өткөрүлдү. Иш-чара доцент Диларам Мадаминова менен улук окутуучу Чынара Токурованын демилгеси менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатуу жана KPI көрсөткүчтөрүн арттыруу максатында уюштурулду.

Жолугушуу академиялык диалогду өнүктүрүүгө, жогорку окуу жайлар ортосундагы илимий байланыштарды кеңейтүүгө жана студенттерде аймактын тарыхын көп кырдуу түшүнүүнү калыптандырууга багытталды.

 

Фото галерея