Ата Мекенди коргоочулардын күнү салтанат менен белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Ата Мекенди коргоочулардын күнү салтанат менен белгиленди

Image

23-февралда Ош мамлекеттик университетинде Ата Мекенди коргоочулардын күнү өзгөчө шаң менен белгиленди. Иш-чараны окуу иштери боюнча проректор Уларбек Молдояров ачып, мекенди коргоо курал кармап чек арада туруу гана эмес, үй-бүлөгө камкор болуу, коомго ак кызмат өтөө жана мамлекеттин келечегине салым кошуу деп белгиледи.

Майрамда концерттик программа уюштурулуп, окуу жайдын декандары жана директорлорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары “Атаганат десеңчи” чыгармасын аткарды. Аялдар кеңешинин курамы “Кыргызымдын жигиттери” аттуу музыкалык номерин тартуулап, иш-чара оюн-зоок менен коштолду. Жүздөн ашуун Баткен, ооган-тажик согушунун катышуучуларына, ОшМУнун окутуучу жана кызматкерлерине сыйлыктар, ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле бильярд мелдешинин жеңүүчүлөрү сыйланды.

45 жашка чейинки категориянын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун – Бексултан Колдошов (Индустриалдык-педагогикалык коллеж)
  • 2-орун – Кубанычбек Орозбаев (Педагогика, искусство жана журналистика институту)
  • 3-орун – Долонбек Пакал уулу (Математика, физика, техника жана IT институту)
  • Административдик-чарбалык иштер департаменти – Эрлан Байназар уулу 
  • Мыкты оюнчу – Кубатбек Султан уулу (Экономика, бизнес жана менеджмент институту)

   45 жаштан жогорку категориянын жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун – Нурлан Чомоев (Курулуш коллежи)
  • 2-орун – Канатбек Рыскулов (Тарых жана юридика институту)
  • 3-орун – Санжарбек Абдыкадыров (Экономика, бизнес жана менеджмент институту)
  • Мыкты оюнчу – Кылычбек Мамашарипов (Медицина факультети)

Жеңүүчүлөр ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан акчалай сыйлыктар, баалуу белектер, диплом жана кубоктор менен сыйланышты. Кеченин аягында кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров жамаатка ыраазычылык билдирди.

Фото галерея