Эл аралык сынакта ОшМУнун студенттери жеңүүчү аталды

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык сынакта ОшМУнун студенттери жеңүүчү аталды

Image

Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун «Менеджмент» жана «Бизнес башкаруу» адистиктеринин студенттери Нигина Мухамеджанова, Жасмина Минажиддинова, Айша Казакова, Раййана Мавлянханова Орусияда өткөн эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды.

«Аймактардын туристтик потенциалын ишке ашыруу: креативдүү туризм» аталышындагы сынакта алар «Ош – Жибек жолунун провайдери» аттуу долбоорун онлайн форматта сунуштады. Долбоордо байыркы Жибек жолунда жайгашкан Ош шаарында туристтик маршруттарды иштеп чыгуу, келген конокторго заманбап кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү камтылган.

Студенттерди мелдешке менеджмент жана маркетинг кафедрасынын окутуучулары Нүргүл Султаналиева менен Ульзана Исламова даярдашкан.

Сынакты Омск мамлекеттик техникалык университети уюштурду. Ага Кыргызстан, Казакстан, Беларусия жана Орусиядан 300гө жакын студент катышты.