ЖОЖдордун публикациялык активдүүлүгү боюнча конок лекция өттү

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдордун публикациялык активдүүлүгү боюнча конок лекция өттү

Image

13-февралда Ош мамлекеттик университетинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессору, медицина илимдеринин доктору Нурлан Биримкулов «ЖОЖдун публикациялык активдүүлүгү – улуттук илимий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон салымы» темасында конок лекция окуду.

Лекцияда жогорку окуу жайлардын илимий публикацияларынын көрсөткүчтөрүн жогорулатуу, макалаларды эл аралык илимий базаларга жайгаштыруу, изилдөөлөрдүн сапатын арттыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле улуттук илимий потенциалды өнүктүрүүдөгү илимий эмгектердин мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чарага университеттин аспиранттары, PhD докторанттары, изденүүчүлөрү катышты. Конок лекция Илимди өнүктүрүү департаментинин директору Жолдошбек Ботоноевдин демилгеси менен аспирантура жана докторантура сектору тарабынан уюштурулду.

Жолугушуу жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөргө кызыгуусун арттырууга, заманбап талаптарга жооп берген сапаттуу илимий иштерди даярдоого багытталды.

Фото галерея